Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Түштүктө баш паанексиз калгандар үй-жай менен камсыз болот


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн президент катары ант берүү аземинде билдирди. Өлкөнүн түштүгүндө июнь айында орун алган улут аралык араздашууга токтолгон президент жаңы бийлик бул жара жакын арада айыкпасын түшүнүп жатканын белгилеп, Ала-Тоо койнунда жашап жаткан бардык жарандарды биримдикке чакырды. Президент кара кийип мөгдөп отурган бардык мекендештерди кайрат кылууга чакырып, бул капсалаңдын кесепеттеринен тез арада арылуу үчүн бийлик колдон келген аракетин жасайт деп ишендирди. Өлкө башчысы Ош жана Жалал-Абадда турак-жайсыз калгандар суук түшкөнгө чейин үй-жай менен камсыздаларын айтты. (EK)

XS
SM
MD
LG