Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Оштогу кагылышуулар боюнча 1045 кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ош облусунун комендатурасынан бүгүн билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш иштери Кылмыш кодексинин массалык башаламандыкты уюштуруу, адам өлтүрүү, тартип коргоо өкүлдөрүнүн өмүрүнө кол салуу, зордуктоо, уурдоо фактылары боюнча козголду. Бүгүнкү күнгө Ош гарнизонунун аскерий прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Ош дубанында 239 адамдын сөөгү табылып, алардын 82синин аты-жөнү тактала элек. (EK)

XS
SM
MD
LG