Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Ош облусунун коменданты жарандардын эркин жыйналуусуна чек койду


Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков “Жыйындарды өткөрүүгө чек коюу” жана “Үгүт иштерин жүргүзүү боюнча бригада түптөө” тууралуу буйруктарга кол койду. Бул тууралуу Ош облусунун комендатурасы бүгүн кабарлады. Мындан ары Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунда чогулуу үчүн район коменданттарынан уруксат алуу керек болот. Бул чара жалган маалыматтардын эл арасында жайылышын алдын алуу максатында көрүлүүдө.Үгүт бригадалары курал-жарактарды кайтаруу жана улут аралык ынтымакка чакыруу иштерин жүргүзмөкчү. Дубан комендантынын орун басарларына үгүт бригадаларын түптөө милдети, ал эми мэрия, облустук администрация өкүлдөрүнө бул үчүн каражат табуу маселеси коюлду.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Жыйындарды өткөрүүгө чек коюу” тууралуу буйрук жарандардын эркин жыйналуу укугуна шек келтирет деген оюн “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочу өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен кийин коменданттык саат убагында бул чара негиздүү экенин, бирок күндүзү мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирбеген, улут аралык чагымдарга жол бербеген жыйындарга комендант тарабынан чек коюлганын туура эмес деп эсептейт. (EK)

XS
SM
MD
LG