Бүгүн Польшанын түштүгүндөгү Краков шаарына келген Хиллари Клинтон дүйнөдөгү демократиянын абалына арналган эл аралык жыйынга катышат. Ушул эле сапарынын алкагында ал Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски менен кездешип, ракетадан коргонуу боюнча АКШ менен Польша ортосунда түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган документке кол койот. АКШ президенти Барак Обама Польшада узак аралыкка учуучу ракеталарды кармоочу жабдууларды жайгаштыруу боюнча мурдагы президент Жорж Буштун тушундагы пландан баш тартарын былтыр сентябрь айында жарыялаган. Бирок Польшада орто аралыкка учуучу ракеталарды кармоого жөндөмдүү жабдуулар орнотулат.