Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Жол коопсуздугун сактоо жана карооол кызматтарына 74 жыл толду


3-июлда ИИМдин Жол коопсуздугун сактоо жана Бишкек шаардык милициянын кароолдук кызматтарына 74 жыл толду. Бүгүн Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков түштүктөгү өзгөчө кырдаалда ишке киргизилген өздүк курам күчтөрүнүн алдында сүйлөп, бул кызматтардын шаар жолдорундагы тартипти сактоодогу ролу баалангыс экенин белгилеп өттү. Оштогу коогалаң маалында бул кызмат өкүлдөрүнүн ченегис эмгеги сөзгө алынды. Мыктылар кызмат ордунан көтөрүлүп, медалдар жана акчалай каражаттар менен сыйланды. Ошто бул кызматтардын урматына уюштурулган салтанат соңунда облустук комендатуранын өздүк курамы шаардын борбордук аянтында марш менен басышты. Бул тууралуу Ош облусунун комендатурасы бүгүн кабарлады. (EK)

XS
SM
MD
LG