Кабулда Ооганстандын жана НАТОнун жүздөгөн расмий өкүлөрү катышкан салтанатта генерал Дэвид Петреуска эки желек: АКШныкы жана НАТОнуку тапшырылды. Ал бүгүнтөн тарта Ооганстанда жалпы саны 130 миңди түзгөн эл аралык күчтөрдү жетектейт.
Петреус бүгүнкү салтанатта сүйлөгөн учурунда буларды белгиледи:
-Биз оор согушка катышып жатабыз. Согуштун бир нече жылынан кийин чечүүчү учурга келдик. Биз ооган элине жана бүткүл дүйнөгө “ал-Каида” жана анын экстремист өнөктөштөрүнүн түйүнүнө ооган эли менен дүйнөнүн эркиндикти сүйгөн башка элдерине кол салуусу үчүн Ооганстанда кайрадан башпаанектөөчү жай жаратуусуна жол берилбей турганын көргөзүүбүз керек.
Дэвид Петреус командачылыкта генерал Стэнли МакКристалды алмаштырды. Ал америкалык журналдардын биринде жарыяланган талаштуу сөздөрү үчүн кызматтан алынган.
Быйылкы жылдын июну коалициялык күчтөр үчүн 2001-жылдын октябрында согуш башталгандан бери эң көп жоготуу алып келген ай болду. Каза тапкан 102 аскердин жарымынан көбү америкалыктар.