Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Р.Отунбаева ЕврАзЭШтин саммитине катышууда


Ушул тапта Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык шериктештик саммитинин (ЕврАзЭШ) 27-жыйынына Кыргызстандан президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Темир Сариев, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев, ЕврАзЭШ иштери боюнча өкмөттүн улуттук координатору Базарбай Мамбетов, Экономиканы тескөө министринин милдетин аткаруучу Эмил Үмөталиев катышууда. Саммитте ЕврАзЭШтин келечеги, Бажы союзун толук кандуу ишке киргизүү жана Европалык экономикалык мейкиндикти түзүү маселелери каралмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун башчысы Фарид Ниязов кабарлады. Анын айтымында, бүгүн түштөн кийин Р.Отунбаеванын Орусия президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева ЕврАзЭШтин саммитине катышуу үчүн Казакстанга кечээ учуп кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG