Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Түштүктөгү кагылыштан каза тапкандардын саны 309 адамга жетти


Ош жана Жалал-Абаддагы кагылыштарда расмий эсеп боюнча, бүгүнкүгө караганда 309 адам каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тополоң башталган 10-июндан тарта медициналык жардам сурап 2319 адам кайрылып, алардын миңден ашууну ооруканага жаткырылган.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында тополоңдо каза болгондордун саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG