Бүгүн Астанада өткөн Евразия экономикалык шериктештик саммитинин соңунда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Түркия президенти Абдулла Гүл менен жолукту. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун башчысы Фарид Ниязов "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан – Түркия кызматташтыгы талкууланды. Өз кезегинди Роза Отунбаева кыйын кырдаалда гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан Түркия бийлигине жана элине ыраазычылык билдирди.
Түрк президенти Астанага казак президенти Нурсултан Назарбевдин 70 жылдык мааракесине катышуу үчүн келген. (КЕ)
Түрк президенти Астанага казак президенти Нурсултан Назарбевдин 70 жылдык мааракесине катышуу үчүн келген. (КЕ)