Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Э.Ибраимова кызматтан кетүү боюнча арызын жазды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Бирок президент Роза Отунбаева Астана саммитинен жаңы келгендиктен, Убактылуу өкмөттүн социалдык маселелер боюнча координатору Элмира Ибраимованын арызын карай элек.

Э.Ибраимова кызматтан кетүү тууралуу арызын өлкөдө кырдаал турукташып калганы, эми өлкөдө легитимдүү президент бар экени жана ал жаңы өкмөт түзүшү керектиги менен түшүндүрүүдө.

Айтка кетсек, Э.Ибраимова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, вице-премьер-министр кызматтарында иштеген. Кийинчерээк ал К.Бакиевдин бийлигин сындап чыгып, “Ак жол” партиясынын катарынан чыгарылган. 7-апрелден кийин аны Убактылуу өкмөт жетекчилиги кызматка тарткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG