Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Жарашуу жумалыгы алкагында футбол мелдеши өттү


Ош облусунун коменданты, Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал-майор Бактыбек Алымбеков ушул жуманы “Жарашуу жумалыгы” деп жарыялаган. Буга байланыштуу Кара-Суу районунун Нариман айылында футбол боюнча жолдоштук беттешүү болуп өттү. Мелдеште Кызыл Мээнет айылынын курама командасы менен Ички иштер министрлигинин академиясынын курама командасы беттешип, жыйынтыгында академиянын оюнчулары 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Оюнга эки жүздөн ашуун Нариман айылынын тургундары көз салып турушту. Ал эми Кашкар-Кыштак айылында Ош облусунун драма театрынын артисттери менен ИИМдин академиясынын кызматкерлери театрлаштырылган концерт беришти. (IJz)

XS
SM
MD
LG