Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Казакстан Н.Назарбаевдин 70 жаш мааракесин майрамдап жатат


Президенттин туулган күнү от оюну, концерт жана башка иш-чаралар менен, зор шаан-шөкөт менен белгиленүүдө. Назарбаевдин колдоочулары президент Казакстанды Европа менен Азиянын тогошкон өлкөсүнө айландырып, диний аралык жана медия форумдарды уюштуруп, быйыл ЕККУнун төрагасы болушуна жетишкенин белгилешет. Кыргызстандын мурда Казакстандагы элчиси Жумагул Сооданбеков "Азаттыкка" буларды билдирди:

– Мен бул кишини абдан баалайм. Түрк дүйнөсүндөгү атактуу лидерлердин бири. Борбор Азияны айтпаганда да, Орусия, Украина, Белоруска караганда, базар экономикасына кирүүдө абдан уюштуруучулугун, жогорку билим деңгээлин көрсөтө алды.

Нурсултан Назарбаев ушул жетишкендиктерди дагы тереңдетүүгө сөз берүүдө. Анын сынчылары бирок анын бийликтеги "Нур Отан" партиясы парламенттеги бардык мүмкүн болгон орундарды ээлеп алганын, Конституциядан Назарбаевдин бийлик мөөнөтүнө чектөө алып салынганын, сөз эркиндиги чектелип, оппозициянын абалы акыркы жылдары айрыкча начарлап кеткендигин белгилешет.

Коноктордун арасында жети президент жана Иордандын падышасы бар. Астандагы 10 миң киши бата турган, тропикалык жээги жана эс алуу багы бар Хан Чатыр жабык паркында италиялык тенор Андреа Бочелли ырдады.

XS
SM
MD
LG