Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Норвегияда Кыргызстан кызуу талкууга алынууда


Ушул тапта Норвегиянын Осло шаарында өз ишин улантып жаткан парламенттер аралык ассамблеянын жыйынында Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаевдин баяны угулат. Ал Кыргызстандагы кырдаал, түштүктөгү жаңжал, референдум жана алдыдагы парламенттик шайлоо туурасында баян жасайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ө.Текебаевдин кеңешчиси Жоомарт Сапарбаев жыйын өтүп жаткан жерден кабарлады. Анын айтымында, жыйында кызуу талкууга алынган маселелердин бири - Кыргызстандагы кырдаал болууда.

Парламенттик ассамблеянын 19-жыйыны 5-июлда башталган. Анда эл аралык деңгээлдеги кылмыштуулук жана коррупция маселеси талкууланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG