Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Норвегия түштүктөгү окуяны иликтөө үчүн өкүлдөрүн жиберет


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаевдин Норвегия өлкөсүнүн тышкы иштер министри Йонас Гара Стора менен эки тараптуу жолугушуу учурунда айтылды. Жолугушууда түштүктөгү кагылышты иликтеген эл аралык топтун курамына Норвегиядан да өкүл жөнөтүлөрүн айтып, Кыргызстан элин референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ө.Текебаевдин кеңешчиси Жоомарт Сапарбаев кабарлады. Анын айтымында, Йонас Гара Стора бүтүндөй Европа Борбор Азиядагы парламенттик башкаруу системасын тандап алган жалгыз өлкө катары Кыргызстанга көз салып турганын белгилеген жана алдыдагы боло турган парламенттик шайлоого өздөрүнөн байкоочуларын жиберет. Ошондой эле ал Норвегия демократиялык принциптерди өнүктүрүү жаатында Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG