“Улуттук стратегиялык иликтөө институту жөнүндө” деп аталган токтомго Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева 2-июлда кол койгон.
Мамлекеттик стратегиялык чечимдерди кабыл алууда, мамлекеттик мекемелердин иштерин өркүндөтүүдө, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууда аталган стратегиялык институт эксперттик-аналитикалык жактан камсыздоо иштерин аткармакчы. Аталган институт учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеп турган Өнүктүрүү агенттигинин алдындагы Өнүктүрүү институту менен Стратегиялык анализ жана баалоо институтунун базасында түзүлүүдө. Токтомго ылайык, Каржы министрлиги аталган институттун каржылык маселесин бир ай аралыгында чечип бериши керек. Ал арада Мамлекеттик мүлк министрлиги институтту жайгаштыруу маселесин чечет. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)