Он миңдеген адамдар Бейруттун түштүгүндө 75 жашында дарттын кесепетинен дүйнө салган Ливандын эң сыйлуу адамы, шейиттердин руханий лидери Аятолла Мухаммад Хусейн Фадлалланы акыркы сапарга узатууга чогулушту. Аятолла Мухаммад Хусейн Фадлалла 1982-жылы түптөлгөн Израилге каршы Хизбаллах тобунун руханий жол көрсөтүүчүсү болуп саналган. Ал америкалыктарга каршы жана чөлкөмдөгү Израилдин саясатын ачык сындаганы үчүн АКШда террорчу катары тизмеде турган. Соңку учурда Фадлалла Хизболлах тобунан алыстап, өзүнүн пикирин анын ичинде аялдарга жана Исламга болгон көз караштарын заманга жараша өзгөрткөн. 1935-жылы Ирактын Нажаф шаарында туулган Аятолла Мухаммад Хусейн Фадлалла Ливанда гана эмес жалпы чөлкөмдө шейиттердин ардактуу диний лидерлеринин бири болуп саналат.