Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

Кыргызстандын мурунку муфтийи Мураталы ажы Жуманов дүйнө салды


Кыргызстандын дин башкармалыгынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Мураталы ажы Жуманов бүгүн таңкы саат беш жарымда узакка созулган оорудан үйүнөн каза тапты. Анын сөөгү эртең өзүнүн туулган жери - Ноокат районунун Ынтымак айылында саат үчтө жерге берилет. Мураталы ажы Жуманов 3-4 айдан бери ашказан рагы илдети менен ооруп жүргөн. Мурдагы муфтий Мураталы ажы Жуманов 7-апрелдеги кандуу окуядан соң муфтийлик кызматын өз арызы боюнча тапшырып берген болчу. Мураталы ажы бар болгон 37 жашта болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG