Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

А. Бекназаров түштүк окуялары боюнча маалымат берди


Бүгүн Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары акыркы маалымат жыйынын өткөрдү. Азимбек Бекназаровдун билдиришинче, түштүктөгү жаңжал боюнча 855 кылмыш иши катталып, шектүү делген 100 киши кармалган. Алардын ону үйдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган. Коогалаңда 293 кишинин каза тапкандыгы аныкталып, алардын 82си таанылбай калган. Окуя болгон учурда 2000дей киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

Буга чейин президент Роза Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында тополоңдо каза болгондордун саны расмий эсептен бир кыйла көп болушу мүмкүн экендигин айткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG