“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч болгон үчүн өлкөдөн сыртка убактылуу чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү ырастады. Укук коргоочуну коркунуч тооруп турганын ал жетектеген укук коргоо борборунун кызматкерлерине Феликс Кулов эскертип, сак болууга кеңеш берген экен.
“Кулов мырза айтыптыр, бизде ушундай маалымат бар. Коркунуч бар, байкабаса, криминал жок кылганга маалымат алган,”-деп билдирди укук коргоочу.
Майдын аягында, июндун башында дагы Т. Исмаилованын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туулган экен. Тааныш эмес аялдар келип, укук коргоочунун жашаган үйү жана балдары жөнүндө коңшу-колоңдордон сураштырып маалымат жыйнашкан.
Т. Исмаилова Бишкектеги 7-апрелдеги жана Оштогу тополоң окуяларга себепкер болгон саясатчылар, алар менен кылмыштуу чөйрөлөрдүн байланышын күбөлөгөн, жабык жайларда орун алган көптөгөн мыйзамсыз иштерди жана күч органдары айыл-кыштактарда өткөргөн атайын операцияларды иликтеген көп материалдар колунда бар экенин билдирди. Анын ичинде бийликте турган адамдардын кылмыш чөйрөсү менен байланышын күбөлөгөн да маалыматтар бар. “Криминал сөзсүз түрдө өкмөттө отурган көптөгөн адамдардын жалдаган адамдары болуп уюшуп калган”,-деп баса белгиледи укук коргоочу.
Т. Исмаилова башка өлкөдөн баш калка сурабай турганын, Кыргызстандагы “туман таркары” менен кайрылып келе турганын билдирди. (КС)