Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Т. Тургуналиевдин кызматтан кетишин талап кылган митинг бүгүн да уланды


Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматтан кеткен жана учурда иштеп жаткан айрым кызматкерлери аталган агенттиктин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетирүү талабы менен Жогорку Кеңештин алдына 5-июль күнү да чыгышкан. Алар Т.Тургуналиевдин аталган кызматта иштөөгө тиешелүү билими жоктугунан профессионалдуу иштей албай, агенттиктин ишин артка тартып жатканын белгилеп жатышат. Ошондой эле алар анын кызматка келиши менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген адамдардын артынан түшүү башталганын, бул багытта Убактылуу өкмөткө эки арыз жиберишкенин, бирок азырынча эч кандай жооп болбогонун айтышууда.

Ал эми Топчубек Тургуналиев митингчилер койгон дооматтар негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирип, өзү жетектеген агенттик эки ай бою Ысык-Көл тараптагы корук, токой чарбасын изилдеп келип, анын негизинде бир топ кемчиликтер аныкталганын айткан. “Кызматтан кеткенден кийин кээ бирлер чыдай албай кыйкырып чыгууда. Токой чарбасын түздөн-түз Бакиевдерге кызмат кылганга уруксат беришкен. Биз аларды далилдегенге даярбыз. Биз ушул убакка чейин кыйратып келген табиятты асыроо иштерине өтүшүбүз керек”, - деген Т. Тургуналиев.(AzK)

XS
SM
MD
LG