Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Жалал-Абадда облакимчиликти басып алууну уюштурган бакиевчил адам кармалды


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тергөө органдары тарабынан Сузак районунун тургуну Арзыкулов Базарбай кармалгандыгын кабарлайт. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин колдоочусу катары 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуядан кийин Сузак районунун Тейит айылында бир тууган Бакиевдер, алардын жакын туугандары Нуруев Замирбек, Кубатов Илязбек менен бирге өздөрүнүн жактоочуларын жана айылдын элин топтоп, ар түрдүү жыйындарды уюштуруп өткөрүп, топтолгон элди Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө, Бакиев Курманбекти коргоого, өлкөнү түндүк жана түштүк аймактарга бөлүнүүгө чакырык жасаган.

Бирок, муну менен гана чектелбестен, Арзыкулов Базарбай Нуруев Замирбек жана анын туугандары Бакиев Акмат, Кубатов Илязбек менен бирге алдын ала сүйлөшүп алышып, өздөрү каржылаган миңге жакын адамдарды уюштуруп келишип, Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта КР Убактылуу Өкмөтүн кулатуу, анын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырык жасаган митинг өткөрүшкөн.

Митингдин аягында Арзыкулов Базарбай, Нуруев Замирбек, Бакиев Акмат, Кубатов Илязбек жана башка жактоочулары менен облусттук мамлекеттик администрациянын имаратына келишип, имаратты кайтарууда турган кызматкерлерге зомбулук көрсөтөбүз деп коркутушуп, облусттук мамлекеттик администрациянын имаратынын темир дарбазасын күч колдонуп бузушуп, имаратка киришип, анын ичиндеги губернатордун кызматтык кабинеттеринин эшиктерин бузуп ачышып, Пайзуллабек Рахмановду облусттун “губернатору” деп жарыялап, аны кызмат ордуна олтургузушкан. Имаратты басып алуунун натыйжасында мамлекетке 12 219 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Арзыкулов Базарбайга прокуратура органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 299 (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу), 343 (кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу) жана 233 (массалык тартипсиздиктер) беренелери боюнча айып тагылып, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

XS
SM
MD
LG