Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Түштүктөн Ысык-Көлгө келген балдарга мамлекет 8 млн. сом бөлдү


Билим жана илим министринин милдетин аткаруучунун орун басары Ирина Карамушкина өлкө түштүгүнөн Ысык-Көлгө келип, эс алып жаткан балдарга мамлекет 8 млн. сомдой каражат бөлгөнүн 7-июлда Ысык-Көлгө келген учурунда маалымдады. Министрдин орун басары көл жээкте реаблитациядан өтүп аткан балдардын жагдайы менен таанышканда алар жылуу кийимдерге муктаж болуп турганын ачыкташты. И.Карамушкина «Телтору» эс алуу жайы менен «Орленок» лагеринде балдар дарыгери жетишсиз экенине күбө болуп, бул маселелер тез арада чечилээрин убада кылды.

Учурда Ысык-Көлдө июнь окуяларында жабыркаган Оштогу үй-бүлөлөрдүн 800дөн ашуун балдары реаблитациядан өтүп атат. Эми 11-июлда Жала-Абаддан 900дөй бала келгени атат.(RB)

XS
SM
MD
LG