Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Ноокен районунда митинг өттү


Райондук бийликтин алдында кечке жүргөн 250дөй адам жергиликтүү милиция башчысынын кызматтан алынышына нааразы болду. Алар полковник Нариман Өсөровдун коомдук тартипти сактоодогу эмгегин белглешип, кайрадан өз кызматына коюну талап кылышты. Митингчилер Ош – Бишкек унаа жолун Рахманжан – Сакалды бурумунан тосмок болгон жаштарды өздөрү таратышты. Митингчилер менен Ноокен район акими Нурбек Мурашев жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Сталбек Бакиров жолугушту. С. Бакиров райондук милиция башчынын кызматы тармактык министр менен сүйлөшүүдөн кийин чечилээрин билдирди. Нааразылык билдиргендер талаптары аткарылбаса, көп эл катышкан митингди 8-июнда кайра улантуу чечимин кабыл алып, бешим ченде таркап кетишти (YA)

XS
SM
MD
LG