Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Оштогу тополоңго байланыштуу 613 кылмыш иши козголду


Бул туурасында «Азаттыкка» Ош аймактык комендатурасынан билдиришти. Козголгон кылмыш иштеринин негизинде 98 адам кармалып, алардын алтоо эч жакка кетпөө тил каты боюнча үйлөрүнө бошотулду. Мындан тышкары ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектелген адамдардан 15 курал-жарак, анын ичинде 6 автомат, 3 тапанча, бир гранатомет, 20 граната, ошондой эле 561 ок-дары алынды.

Деген менен жергиликтүү жашоочулардын айтымында, массалык баш аламандыктын чыныгы уюштуручуулары чет өлкөлөргө из жашырып, жоопкерчиликтен кутулуп кеткендигине оштуктар нааразы болуп жатышат. (ATo)

XS
SM
MD
LG