Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Айрым чиновниктерге карата люстрация мыйзам долбоору даярдалууда


Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Топчубек Тургуналиев мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдер менен тыгыз иштеп, аларга мамлекетти тоноого көмөктөшкөн адамдардын бардыгын мындан ары мамлекеттик кызматка албоо боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, айрым адамдарга карата люстрация иш-чарасын же мыйзамдык жактан чектөөлөрдү киргизүү учурдун талабы болуп турат.

“Люстрация иш-чарасы эл аралык практикада колдонулуп келет жана аны колдонуунун эффективдүүлүгү чоң. Антип башкаларга сабак кылбаса коррупциялашып, чирип кеткен мамлекеттик системаны оңдоо кыйынга турат”,- дейт Т.Тургуналиев.

PS. Люстрация (лат. lustratio) – бул айрым адамдарды мыйзамдык жактан чектеген саясий практика. Ал айрым жарандардын профессионалдык, диний, партиялык ж.б. өңүттөгү ишмердүүлүгүн иликтеп, аларга мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, профессионалдык ишмердүүлүгүн аткаруусуна тыюу салып, жеке турмушу тууралуу маалыматтардын ээн-эркин таркатылышына жол берет. (IJz)

XS
SM
MD
LG