Бүгүн А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын катышуусунда салтанаттуу кече өттү. Анда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алган 52 бүтүрүүчүгө ардак грамота жана 4000 сом тапшырылды. Мындан сырткары мыкты бүтүрүүчүлөр каалаган жогорку окуу жайына сынаксыз өтө алат. Бул иш-чараны жыл сайын Билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын катчылыгы уюштуруп келет.
Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 30 миң мектеп бүтүрүүчүсү катышты.
Алардын 3 миңи жогорку окуу жайларына тапшырууга жетиштүү баллды топтой алышкан. (AzK)
Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 30 миң мектеп бүтүрүүчүсү катышты.
Алардын 3 миңи жогорку окуу жайларына тапшырууга жетиштүү баллды топтой алышкан. (AzK)