Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

"Манасты" дүйнө окуйт


"Манас" эпосунун Саякбай Каралаевдин айтуусундагы толук варианты Дүйнөлүк санариптик (дижитал) китепканасына кирди. Эпос кыргыз жана орус тилдеринде 1584 беттик көлөмдө жайгаштырылган. Мындай долбоор ЮНЕСКО уюму жана АКШ Конгрессинин Китепканасынын колдоосу астында ишке ашырылган. Дүйнөлүк санариптик китепкана өз ишин 2009-жылы баштаган. Ал эми буга Улуттук китепкана толук укуктуу мүчө болуп кабыл алынган. "Бул иш-чара "Манас" эпосун ЮНЕСКО уюмуна киргизүүнүн алгачкы кадамы болуп саналат" деп билдирет Маданият министрлигинин маалымат кызматы. (AzK)

XS
SM
MD
LG