Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Түштүктөгү абал боюнча маалымат берилди


Бүгүн Бишкек шаарындагы дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жыйын өттү. Анда Кыргызстандын түштүгүндөгү коомдук-саясий абалды турукташтырууда жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө Убактылуу өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жыйынга каржы министри Темир Сариев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Министр Руслан Казакбаев жаңжал маалында гуманитардык жардам жана моралдык колдоо көрсөткөн өлкөлөргө, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, түштүктөгү коогалаңда 2500дөй имарат, 100гө чукул коммерциялык уюмдар жана 10дон ашык мамлекеттик имараттар талкаланып, өрттөнгөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG