Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:07

Ооганстанда коррупция өсүүдө


Ооганстандагы коррупция 2007-жылдан бери 2 эсеге өскөн. Мындай маалымат коррупцияга каршы күрөшкөн Integrity Watch бейөкмөт уюмунун отчетунда келтирилет. Ага ылайык, былтыр оогандар 1 миллиард долларга жакын пара беришкен. Изилдөөгө тартылган 6 жарым миңдей оогандын үчтөн бири өз маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик мекемелерде пара төлөшкөн. Жарымынан көбү Талибан мамлекеттик деңгээлдеги коррупциянын эсебинен күчтөнүп жатат деп ишенишет. Уюмдун ырастоосунда, жемсөөлүктүн айынан эл аралык коомчулук берген жардам жемиш алып келбей жатат.

XS
SM
MD
LG