Күн энергиясы менен иштеген учак 26 саат тынымсыз учкандан кийин Швейцариянын түндүгүнө ийгиликтүү конду. “Күн импульсу” деп аталган учак күндүз күн энергиясын топтоп, түн ичинде ошол запасын пайдаланып учуп жүрдү. Эксперименталдуу учак күн батареялары менен жабдылган. Швейцариялык окумуштуулардын тобу 2013-жылга чейин мындай учак менен дүйнөнү айланып чыгууга үмүттөнүшөт.