Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Орусиялык белгилүү музыкант Таиландда кылмыш үчүн айыпталууда


Таиланд полициясынын маалыматына караганда, дүйнөгө атагы чыккан орусиялык пианист жана дирижер Михаил Плетнев Таиланддан учуп кетти. Бир нече күн мурун Плетнев өспүрүм баланы зордуктады деген кине менен камакка алынган. Музыкант ага тагылган айыптарды четке кагып жатат. Плетнев күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Полициянын өкүлү анын күрөгө кое берилип, Таиланддан чыгууга уруксат алганын жана 18-июлга чейин кайтып келүүгө милдеттендирилгенин маалымдады. Плетнев Москвага учуп кетти деп болжолдонууда. Грэмми сыйлыгынын лауреаты, Орус улуттук оркестринин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси 12-июлда Македонияда концерт бермекчи.

XS
SM
MD
LG