Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Дүйнөлүк банк миссиясы Ош областына барууга ниеттенүүдө


Бул туурасында президент Роза Отунбаева менен экономикалык баа берүү боюнча бирдиктүү донордук миссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Дүйнөлүк банк миссиясынын жетекчиси Афсанэ Седжинин айтымында, алар Оштогу абал менен жеринен таанышып, экономикалык баа боюнча тиешелүү баянды 27-июлда өтчү эл аралык конференцияга даярдоо максатын көздөп жатышат.
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лан Ву Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары эсептерин билдирип, буга чейинки ортодогу жетишилген келишимдер күчүндө каларын билдирди. Европалык калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын миссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рика Иши айым өлкөдө стабилдүүлүк орногон соң өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууну жандандыра тургандыгын билдирди. Бул туурасында Убактылуу өкмөттун маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG