Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Нарында “Кыргыз шырдагы” аттуу фестивал өтөт


Нарын шаарынын жетекчилиги менен Нарын экономикалык өнүктүрүү борбору быйыл күздө Нарында “Кыргыз шырдагы” аттуу эл аралык этнографиялык фестивал өткөрмөкчү. Азыр ал фестивалды өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлө баштады.

План боюнча уюштуруучулар “Кыргыз шырдагы” фестивалын жыл сайын Нарын шаарында гана өткөрүшмөкчү. Мындай жол менен Нарын шаарын кыргыз элинин улуттук маданиятынын борбору, жүн жана териден жасалчу кол өнөрчүлүктүн ордосу катары таанытуу каралган. Уюштуруучулардын ишениминде, күздө өтө турган “Кыргыз шырдагы” фестивалы бул жылдагы туристтик сезондун башкы окуясы болуп калмакчы. Иш-чарага көптөгөн чет элдик туристтер, туристтик операторлор, эл аралык уюмдар, бизнес коомчулугу жана мамлекеттик мекемелер катышмакчы. Бул тууралуу Нарын экономикалык өнүктүрүү борбору маалымдайт. (IJz)

XS
SM
MD
LG