Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Айрым саясий партиялар президентке кайрылышты


“Бүтүн Кыргызстан”, “Эл арманы”, “Ата журт” жана Коммунисттер партиясы президент Роза Отунбаевага ачык кайрылуу жасашты. Анда аталган партиялар 27-июнда өткөн жалпы элдик референдум өтө орой мыйзам бузуулар менен өткөнү, административдик ресурстар кеңири колдонулганы, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө көз боёмочулуктар болгону, легитимизация процесси чечилбеген бойдон калганы тууралуу айтылат.

Ошондой эле аталган партиялар президенттен күздө өтө турган парламенттик шайлоону ачык, калыс өткөрүп берүүсүн, саясий куугунтуктардын токтотулушун талап кылышат. Бирок кайрылууда кандай саясий куугунтук болуп атканы тууралуу айтылган эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG