Бул тууралуу президент Ахмадинежад Нигериянын борбору Абужа шаарында мусулман өлкөлөрүнүн «сегиздик» жыйынынан кийин билдирди. Ошондой эле иран президенти Вашингтон алгач Израилдин өзөктүк стратегиясы боюнча өз көз карашын тактап алуусу керектигин айтты. Израил чөлкөмдөгү өзөктүк өнөр жайы бар өлкө экендиги айтылып жүрөт.