Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

АКШ сенатору сөз эркиндигин, журналисттерди коргоо резолюциясын таратты


Сенатор Бенжамин Кардин (Benjamin Cardin) ЕККУ аймагындагы 56 өлкөдө сөз эркиндигин күчөтүүгө жана журналисттерди коргоо үчүн резолюция таратты. «Кайсы гана демократиялык өлкө болбосун эркин медиа өтө маанилүү. Мына ошондуктан авторитардык режимдер кабарчыларды репрессиялык жол менен бутага алышат» деди ЕККУнун (АКШдагы Хельсинки Комиссиясы) төрагасы Бенжамин Кардин. «Бул резолюция өлкөлөрдү сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарын жана аракеттерин өзгөртүүгө, Интернет булактарына тыюу салбоого, журналисттерди ур-токмокко алып, абакка салып ооздуктабоого түртөт», деп кошумчалады сенатор. Аталган резолюция Осло шаарында өтүп жаткан ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясында таратылып, жыйын соңунда «Осло декларациясы» катары кабыл алынаары күтүлүүдө. Ослодогу бул жыйынга Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев катышууда.

XS
SM
MD
LG