Ал аталган облустагы маданият үйлөрүнүн, китепкана, музей, музыкалык мектептердин абалы менен жеринде таанышып, маданият тармагынын кызматкерлеринин көйгөйлөрүн мүмкүнчүлүккө жараша чечип берерин белгиледи. Маалыматка караганда Ысык-Көл облусунда маданият тармагынын айрым мекемелерине көп көңүл бурулбай калган. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)