“Журналисттер” коомдук бирикмеси “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу аркасында ММКлар менен журналисттердин ишине байланышкан чыр-чатактар жана укук бузуу фактыларына жыл башынан бери мониторинг жүргүзүп келатат. Мониторингдин биринчи жарым жылдагы көрсөткүчтөрүнө караганда, ММКлар менен журналисттердин укуктарын бузуу жыл башынан тарта улам көбөйүп отуруп, март айында оор акыбал түзүлгөн.
Январь айында 17 факты, февралда 23 факты болсо, мартта журналисттердин укуктарын бузуунун 47 фактысы орун алган. Апрелде бул көрсөткүч 42 болгон. Март айында көз каранды эмес басылмаларга соттук куугунтук жасалып, газеталарды жабуу, үналгы жана сыналгы берүүлөрдү токтотуу аракеттери күч алган. 7-апрелдеги окуялардан кийин ММКлар менен журналисттердин иш-аракетинде эмгек укуктарын териштирүү маселелери алдыга чыккан.
Ошондой эле Ош жана Жалал-Абаддагы тополоң окуялардан кийин редакторлор материалдарды дыкат текшерүүгө жана көзөмөлгө ала баштаганы байкалууда. “Журналисттер” уюму өз кезегинде бир жагынан жоопкерчилик жогорулап оң көрүнүш болуп жатканын, бирок экинчи жагынан бул журналисттердин коркуп курч темаларды жазуудан тайсалдап калышына алып келүүдө деп белгилейт. (КС)