Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Көзү ачык деңиз жаныбары: дүйнөлүк жаңы футбол чемпиону Испания болот


Эки жаштагы Павел деген ысымдагы октопус же сегиз бут ушул жекшембиде Дүйнөлүк Футбол чемпионатынын эң соңку ойнунда Испания Голландияны жеңип алаарынын ишааратын кылды: ал Испаниянын байрагы тагылган акырдан жем жеп, Голландиянын байрагы тагылган акырды карап да койгон жок. Бул деңиз жаныбары Германиянын утуш, утулуштарын, бардыгы болуп алты оюндун жыйынтыгын, анын ичинде шаршембиде Испаниядан жеңилип калаарын так билдиргенден кийин, айрым футбол күйөрмандары аны кууруп жеп коюш керек деп чыгышты.

XS
SM
MD
LG