Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Жалалабаддык балдар эс алууга жөнөтүлдү


Облус борборунда жашаган 90 бала ушу тапта Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын лагеринде ден-соолуктарын чыңдашууда. Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы алар өткөн айлардагы баш аламандыктарда жабыр тарткан жарандар менен жашоосу начар үй-бүлөлөрдүн чүрпөлөрү экендигин билдирди. Балдардын эс алуусуна зарыл чыгым шаардык казынадан жумшалды. Буга дейре аталган лагерде жалалабаддык 140 бала эс алып кайткан. Ысык-Көл жээгинде облустун 303 жаш тургуну эс алып жүрөт. ЮНИСЕФ уюму жана тармактык профсоюздардын каржылык колдоолору менен 17 мектепте жайкы лагер уюштуруу жагы сүйлөшүлүүдө. Бул тууралу 9-июлда өткөн маалымат жыйынында губернатордун биринчи орунбасары Жумагүл Эгембердиева билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG