Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Террорчу деп шектелген өзбек жараны мекенине кайтарылбайт


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Буга чейин Тажикстанда кармалып, Кыргызстан милициясына өткөрүлүп берилген Абдувахит Алиевге Өзбекстанда издөө салынгандыктан мекенине кайтарып берилээри айтылган болчу. “Эки күндөн берки иликтөөлөр көрсөткөндөй, Өзбекстандын Анжиян облусунун 30 жаштагы тургуну Абдувахит Алиевдин Өзбекстандан качып кеткенден кийинки мезгилде жасаган иштеринин дагы чети чыгып жатат”, - ошондуктан кармалган атуулду азырынча өз мекенине кайтарууну токтоттук, деп билдирет облустук милициянын өкүлү.

Абдувахит Алиев Тажикстандын Согди облусунун аймагында кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилгени кечээ кабарланган.(JsA)

XS
SM
MD
LG