АКШнын маалымат каражаттары Англияга келип конгон америкалык учакта АКШдан бейшембиде чыгарылган 10 орус тыңчысы отурганын жазышкан. Батыш чалгын кызматтары менен кызматташкандыгы үчүн кесилген төрт орус айыпкерин алып келгендиги болжолдонгон учак Москвага келип конду. Бул операция Кансыз согуш бүткөндөн берки эң ири “тыңчылар менен алмашуу” болуп калды. Вашингтон менен Москва экөө тең бул окуядан улам жакшырып келаткан өз ара алакалардын бузулушуна жол берүүнү каалашпай тургандыгын ишаарат кылышкан.