Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

Р.Отунбаева: Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл


9-июлда өлкө президенти Роза Отунбаева Убактылуу өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев, күч структураларынын, теле жана радио каналдардын жетекчилери менен Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды талкуулашты. Р.Отунбаева кырдаалды турукташтырууга кандай иштер жүрүп жатканы жана мындан ары да кагылышты болтурбоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча тиешелүү адамдардын отчетун укту. Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Р.Отунбаева күч структураларынын ишинде жылыш болуп жатканын белгилеп, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты. Ал чыныгы күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо жана окуяга тиешеси жок адамдарды айыптоого жол бербөөнү белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG