Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Ошто аскердик тартипти караган коменданттык көзөмөл түзүлдү


Бул тууралуу Ош облустук комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда түзүлгөн коменданттык көзөмөл күч структураларда иштеген кызматкерлердин үстүнөн мыйзамдуулуктун, аскердик тартиптин сакталышын текшерүүгө алат. Анын алкагында өткөн суткада 43 автотранспорттук каражаттар текшерүүгө алынып, кийген формасын бузду, өз эрки менен аскер бөлүгүн таштап кетти делип Чек ара кызматчысы кармалып, үч күнгө камалган. Мындан сырткары дал келбеген документ менен унаа айдап жүргөн жеринен кармалган Адилет министринин жогорку кызматкерине административдик протокол түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG