Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

“Кебел” жаштар клубу түштүктөгү жаштар менен жолугушууга ниеттенүүдө


«Кебел» жаштар клубу “Заманбап Кыргызстандыктын образы” аттуу долбоордун алкагында түштүктөгү үч облустун жаштары менен жолугууну көздөөдө. Долбоордун негизги максаты – жер-жерлердеги жаштар менен жолугуп, өлкөдөгү акыркы окуяларга баа берүү, баалуулуктарды аныктоо жана жаштарды биримдикке чакыруу болуп саналат. “Заманбап Кыргызстандыктын образы” толеранттуулук, тарыхты сыйлоо, түрдүү маданияттарды түшүнүү өңдүү элементардык адамдык сапаттарды өз ичине камтыйт.

Жаштар клубу түштүккө июль айынын аягында барууну пландап жатат. Буга чейин алар Талас шаарынын жаштары менен жолугуп, жогорку сапаттарды алып жүрчү заманбап кыргызстандыктын образын жаратуу боюнча талкууларды өткөрүшкөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG