Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

ЕККУ парламенттер аралык ассамблеясы Кыргызстан боюнча резолюция кабыл алды


Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында негизинен үч маселе: укуктун үстөмдүгү; терроризимге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү каралып, Кыргызстандагы кырдаал боюнча атайын талкуу өтүп, анын соңунда резолюция кабыл алынгандыгын “Азаттыкка” билдирди. Бул резолюция ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны кабыл алган “Осло декларациясынын” чечимдеринин бири болуп саналат.

5-10-июлда Өмүрбек Текебаев Норвегиянын Осло шаарында өткөн ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын 19-жыйынына катышып, Кыргызстандагы саясий-экономикалык жана коопсуздук кырдаал, Жаңы баш мыйзамдын кабыл алынышы жана Борбор Азияда радикализмге каршы туруу жөнүндө кеңири баяндама жасады. (GA)

XS
SM
MD
LG