Ирандын өзөктүк программасынын башчысы Али Акбар Салехи Иранда «отун кубатын өндүрүү үчүн иш жүрүп жатат» деп айтты. Салехи кийинки жылдын сентябрь айында Тегерандагы илим изилдөөчү реакторду отун менен камсыздоого жетишүү керектиги тууралуу мурда айткан сөзүн дагы кайталады. Байытылган уран өзөктүк реакторго күйүүчү отун катары жана атом бомбасынын өзөгүн ажыратууга керектелет. Батыш болсо Иран атомдук бомба жасоону көздөп жатканына шектенет.