Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Испания футбол боюнча дүйнөнүн чемпиону


Түштүк Африканын Жоханнесбур шаарында өткөн финалдык беттешүүнүн кошумча убактысында испандар голландиялыктардын дарбазасына 1 топ киргизип. Дүйнөнүн чемпиону болуп калышты. 117 минутада Андреас Иниеста киргизген топ 2008-жылдагы Европанын чемпиону болгон Испанияга Дүйнөлүк мелдештин чемпиону наамын кошумчалады. Голландиялыктар болсо ушуну менен үчүнчү ирээт 1974, 1978-жылдарды кошкондо финалда утулуу ызасын тартты. Бир ай мурда башталган 64-дүйнөлүк оюндарга 32 команда катышып, мелдеш алгач ирет Африка континентинде өткөрүлдү. Уругвайлык Диего Форлан эң мыкты оюнчу деп табылып “Алтын топко” ээ болду. Футбол майрамынын жабылуу аземине Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Нэлсон Мандела катышты.

XS
SM
MD
LG