Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

FIDH: убактылуу өкмөт жана эл аралык коомчулук жазыксыз калгандарды жоопко тартуусу керек


Адам укуктары боюнча эл аралык федерацияcынын (International Federation for Hunab Rights - FIDH) Кыргызстандагы апрель жана июнь айларында орун алган окуяларды иликтеген эл аралык миссиясы ушундай билдирүү таратты. Курамына Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти жана «Виасна» адам укуктары борборунун президенти Алес Биалицки, Адам укуктарынын «Мемориал» борборунун кеңешчиси, Европалык адам укуктарын коргоо борборунун өкүлү Кирилл Коротеев жана франциялык изилдөөчү Йохан Бихр кирген миссия 20-28-июнда Ош шаарында иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн.

«Убактылуу өкмөт туруктуулукту камсыз кылууда өзүнүн чабалдыгын көрсөтүп, айрыкча өлкө түштүгүндө мыйзам бузгандар жазага тартылбай, ал эми кылмыштуулук болсо дагы эле уланууда», деп айтылат бул уюмдун билдирүүсүндө. Укук коргоочуларга жана көз карандысыз журналисттерге карата басым такай орун алып жатканы кошумчаланат. Билдирүүнүн соңунда кыргыз бийлигине, ЕККУ, ЖККУ, Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка жана Кыргызстандагы гуманитардык уюмдарга атыйын сунуштар жолдонот.

XS
SM
MD
LG