Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Июндагы окуялар боюнча келтирилген чыгымдар эсептелди


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, июндагы окуялар учурунда келтирилген чыгымдарды эсептөө комиссиясы өз ишин жыйынтыктады.

Маалыматка ылайык, Ош шаары боюнча комиссия жалпы 776 объектини текшерген. Келтирилген чыгымдын өлчөмү болжолу менен 1 миллиард 260 миллион 548 миң сомду түзөт.

Ал эми Ош облусу боюнча жалпы 799 объект текшерилген. Келтирилген чыгымдын өлчөмү облуста болжолу менен 685 миллион 543 миң 224 сомго барабар.

Жалал-Абад облусу менен шаары боюнча келтирилген чыгымдын өлчөмү 713 миллион 604 миң сомго жетет.

Июнь окуялары учурунда Кыргызстандын түштүгүндө 2164 объект жабыркаган. Алардын ичинен 1817 жеке менчик үй, 221 соода түйүнү, 118 мамлекеттик имарат, 15 инфраструктуралык жай жабыркаган. Ушул күнгө карата июндагы окуялар учурунда келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы 2 миллиард 659 миллион 695 миң сомду түзүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG